Лабораториялык иштер


Бөлүм2.ЭЛЕКТР ЖАНА МАГНЕТИЗМ

№1 Лабораториялык иш
Электр чынжырын чогултууга арналган тажрыйба тактасы. Резистордун каршылыгын түстүү маркерлөө боюнча аныктоо

Башкы бет Киришүү Бөлүм 1.Механика жана термодинамика №2 Керектөөчүлөрдү жана ток булактарын өз ара туташтыруу түрлөрү №3 Электр тогу. Чынжырдын бөлүгү үчүн Омдун закону №4 Кирхгофтун эрежелери №5 Конденсаторлор №6 Өзгөрмөлүү ток №7 Диоддор №8 Транзисторлор №9 Трансформаторлор

II бөлүк 

Резистордун  каршылыгын  түстүү  маркерлөө  боюнча  аныктоо

 

Кийинки мезгилдерде резисторлордун каптал беттерине каршылыктарынын чоңдуктарын цифралар менен жазуудан баш тартышып, түстүү маркерлөөнү кеңири колдонушууда (1.5-сүрөт). Себеби,  түрдүү микросхемаларда чоңдугу бетине жазылган резисторлорду жазуусун көрсөтүп ширеткенге караганда, түстүү маркерленген резисторлорду каалаган абалда жайгаштырып ширетүү алда канча ыңгайлуу. Ошондуктан, азыр дүйнө жүзү боюнча 4 түстүү, ал эми өтө кичине чоңдуктагы каршылыктар үчүн 5 түстүү шакекчелерден турган түстүү маркерлөөнү колдонушат. Биздин лабораториялык  иштерде колдонулуучу резисторлордун каршылыктарынын чоңдугу 4 түстүү шакекчелер менен маркерленген. Ар бир түскө төмөндөгү 1.1-таблицага ылайык, белгилүү бир цифранын мааниси туура келет. 4 түстүү шакекчеси бар резисторлордо биринчи жана экинчи шакекчелердин түстөрүнө туура келген цифралар ( жана ) түздөн-түз алынат, ал эми үчүнчү шакекченин түсүнө туура келген цифра () ондун даражасын (б.а.нөлдүн санын) туюнтат жана бул туюнтма биринчи жана экинчи шакекчелерден табылган эки орундуу санга көбөйтүлөт:

 

                                                    .                                                                                  (1.1)

 

Төртүнчү шакекченин   түсү () – жогорудагы үч шакекче боюнча табылган  маанинин   мүмкүн болгон четтөөсүн % (пайыз) менен туюнтат.

 

 

1.5-сүрөт

 

  -   каршылыктын маанисин туюндуруучу сандын биринчи цифрасы,

  -   каршылыктын маанисин туюндуруучу сандын экинчи цифрасы,

   - ондун даражасынын мааниси, б.а. жогорудагы цифралардан ( жана )   

         кийин жазылуучу нөлдөрдүн саны,

  -     маанисинен мүмкүн болгон четтөө пайызы.

 

1.1-таблица. Резистордун  шакекчелеринин  түстөрүнө туура келген цифралар

Шакекченин түсү

Биринчи

шакекче

 

Экинчи шакекче

Үчүнчү шакекче

Төртүнчү шакекче

Түскө туура келген цифра

Түскө туура келген цифра

Көбөйтүүчү

Мүмкүн болгон четтөө пайызы

 

Кара

-

0

100

-

 

Күрөң

1

1

101

 

Кызыл

2

2

102

 

Кызгылт-сары

3

3

103

-

 

Сары

4

4

104

-

 

Жашыл

5

5

105

 

Көк

6

6

106

 

Сыя-көк

7

7

107

 

Боз

8

8

108

 

Ак

9

9

109

-

 

Күмүш

-

-

10-2

10 %

 

Алтын

-

-

10-1

5 %

 

Мисалы:   1-шакекче – күрөң болсо,   ;

                   2- шакекче – кара  болсо,  ;

                   3- шакекче – кызыл болгондуктан  ,  б.а. 10дун даражасы 2 () деп алабыз. 

Демек, табылган маанибиз (1.1) формула боюнча:

10=1000=1 k,

ал  эми   4 - шакекче – алтын  мүмкүн болгон четтөөсү  болгондуктан,  натыйжада   бул резистордун каршылыгы 

1000,

б.а.  каршылыктын өлчөнгөн маанисинин жайгашуу интервалы:                болот.